Жарым өткөргүчтүү диод

Википедия дан

Жарым өткөргүчтүү диод - жарым өткөргүчтердүн электрон-көңдөйлүү өткөөлдөрүнүн сызыктуу эмес касиетине негизделген эки уюлдуу прибор.

Жарым өткөргүчтүү диоддун негизги касиети - бир жактуу өткөргүчтүүлүк. Германий, селен, кремний, галлий арсенидинен жасалган чекиттүү жана тегиздиктүү диоддор кеңири таралган.

Жарым өткөргүчтүү диод өтө жогорку жыштыктагы термелүүлөрдү өзгөртүү, модулдаштыруу, детектрлөө үчүн, ар түрдүү радиоэлектрондук түзүлүштөрдөгү электр сигналдарын түзөтүү, күчөтүү, чыңалууну бир калыпка келтирүү үчүн жана өзгөрмө сыйымдуулук катары колдонулат.

Жарым өткөргүчтүү диоддун өзгөчө түрлөрүнө тизмекти алмаштырып туташтыруучу, кош базалуу жана туннелдик диоддор кирет. Булардын вольт-ампер мүнөздөмөлөрүнүн терс каршылыктуу участкасы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.