Жар көрүү

Википедия дан

Жар көрүү – үйлөнүү улпөтүнө чейин аткарылуучу жөрөлгө. Эки тарап кудалашкандан кийин болочок күйөө бала жолдош ээрчитип, колуктусунун айылына келип, четирээк жерге түшөт. Ошол жерге кыз тараптагылар атайын боз үй тигип, кыз оюнун өткөрүүнү күйөө бала тараптан талап кылышат. Оюн журүп жаткан маалда кыз-күйөө 1-жолу бирин-бири көрүшкөн. Салт боюнча кыздын жеңелери кыз-күйөөнү бири-бирине далыларын тийгизип, анан экөөнү бир сол, бир оң жагынан кайрылтып өбүштүргөн. Жар көрүү, токмок салуу жана башка оюндар менен коштолгон. Кыз тарап, жигит тарап болушуп, жаржар ырдашып, күйөө жолдош кыздын жеңелеринин талаптарын аткарып, камдай келген белектерин тартуулашкан.