Жасалма кан айландыруу

Wikipedia дан

Жасалма кан айландыруу — оорулуу адамга же тажрыйба жасалуучу жаныбарга жасалма аппараттын жардамы менен кан агымын жүргүзүү. Жасалма кан айландырууну бүт организмге же болбосо айрым мүчөлөргө (мисалы, колго же бутка) жасаса болот. Жасалма кан айландыруу аппаратын биринчи жолу советтик илимпоз С. С. Брюхоненко 1925-ж. түзгөн. 50— 60-жылдары көкүрөк хирургиясынын жетишкендигинин жана канды уютпоочу материалдын пайда болушунун натыйжасында жасалма кан айландыруучу жаңы аппаратты чыгарууга мүмкүнчүлүк болду. Жүрөктү алмаштыра ала турган — насосу, өпкөнү алмаштыруучу оксигенатору бар азыркы аппаратты колдонуу менен жүрөктүн тубаса жана кийин пайда болгон кемтигин дарылоо, ири кан тамырлар, жүрөк клапандарын алмаштыруу операцияларын жасоого мүмкүнчүлүк болду.

Бул операцияны жасоодо жүрөк убактылуу кан агымынан ажыратылат. Оорулуунун вена каны насос менен сордурулуп түтүк-каналы аркылуу Жасалма кан айландыруу аппаратынын оксигенаторунан өтүүдө кычкылтек менен байытылып, оорулуунун организмине кайра келет. Жасалма кан айландыруу аппараты оорулуунун организминде кандын айлануусун операция жасалып бүткөнгө чейин бир калыпта кармап тура алат. Операция бүткөндөн кийин аппарат токтотулат, жүрөк өзү иштеп, кан агымы өз калыбына келет. Жасалма кан айландырууну терапиялык клиникада жүрөк оорусун дарылоодо убактылуу, жарым-жартылай жүрөктүн жүгүн азайтуу үчүн пайдаланууга болот. Бул учурда оорулуунун кан тамырына аппарат туташтырылып, кишинин жүрөгү менен бир убакта иштеп, анын ишин жеңилдетет да, жүрөктүн эс алышына мүмкүнчүлүк түзөт. Айрым мүчөлөргө (мисалы, колго, бутка) куюлуучу препарат жалпы организмге тескери таасир тийгизе турган болсо Жасалма кан айландыруу колдонулат. Оорулуунун бутунун кан агымын жалпы кан айлануудан бөлүп, Жасалма кан айландыруучу аппаратты буттун кан тамырынын нугуна кошот да, керектүү дарыны куят. Дарылоо сеансы бүткөндөн кийин аппаратты алып таштайт, кан агымы өз ордуна келет.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8