Жасалма радиоактивдүүлүк
Жасалма радиоактивдүүлүк – туруктуу (стабилдүү) ядронун ядролук реакциянын натыйжасында реактивдүү ядрого айлануу кубулушу. Мисалы, 11Na23 изотобу нейтрон (n1) менен реакцияга кирет: оn1+11Na23→11Na24. nNa24β – радиоактивдүү изотобу пайда болот. Бул изотоп терс β-бөлүкчөсүн чыгарып магнийдин 12Mg24 стабилдүү изотобуна айланат: 11Na24→1e°+12Mg24. Ушундай эле ядролук реакцияларды α-бөлүкчөлөрү жана протондор менен жүргүзүүгө болот. Алынган жасалма радиоактивдүү ядролор α, β, γ радиоактивдүүлүктөргө ээ болот. Жасалма радиоактивдүүлүктүн закон ченемдүүлүктөрү табигый радиоактивдүүлүк закондору менен дал келет. Жасалма радиоактивдүүлүктү 1934-жылы И. Жолио-Кюри жана Ф. Жолио-Кюри ачкан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5