Жатак мектеп
Жатак мектеп, мектеп интернат (латынча internus – ички) – жатаканасы бар мектеп. СССРде КПССтин 20-съездинин (1956) чечимине ылайык, Кыргызстанда 1960-жылдардын башында ачыла баштаган. Биринчи иретте жетим балдар, согуш жана эмгек майыптарынын, алыскы жайыттарда кыштаган малчылардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алынган. Тарбиялануучулар кийим, тамак жана окуу куралдары менен камсыз кылынган. Мектеп интернат мамлекеттин жана азыр жеке сектордун эсебинен да каржыланат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5