Жаталак

Википедия дан

Жаталак (гр. kolike (nosos) - ичеги оорусу) - бир нече оорунун клиникалык жышаанасы.

Жаталак көбүнчө ич органдарынын: боор жана бөйрөктүн таш оорусунан барып пайда болот. Жаталак менен бардык мал, айрыкча жылкы көп ооруйт. Ал кадимки жана кыйыр Жаталак болуп айырмаланат. Кадимки Жаталак ичеги-карын оорусунун, кыйыры кээ бир жугуштуу ылаңдын, боор, табарсык ж. б. оорулардын кесепетинен чыгат.

Мал төрт аягын бүрүштүрүп, тынчсызданат, чабалактайт, жер чапчыйт, оонайт. Дарылоо жана профилактика: Жаталакты пайда кылган негизги оорунун себептерин жок кылуу; тынчыткыч дары-дармек колдонуу ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.