Жатын

Википедия дан
Жатындын жара кесилиши: 1— жатындын түбү; 2— жатын түтүгү (оң жагындагысы жара кесилген); 3— жатын түтүгүнүн оозу; 4— энелик без; 5— энелик бездин байламтасы; 6— жатын денеси; 7— жатын моюнчасы; 8— жатын кыны; 9— жатын оозу; 10— жатын моюнчасыиын көңдөйү; 11— жатын көңдөйү.

Жатынаялдын жамбаш чарасында табарсык менен көтөн чучуктун ортосунда жайгашкан көңдөй, булчуңдуу, түгөйсүз орган; анда кош бойлуу мезгилде түйүлдүк жетилет. Жатын түбү, тулкусу жана жатын моюнчасынан турат. Жатындын формасы демейде алмурут сымал болуп, тулкусун жара кескенде үч бурчтуктай көрүнөт, жогорку бурчтары жатын түтүгүнө, төмөнкү бурчу жатын моюнчасынын каналына кошулат. Жатындын капталы ички былжырлуу челден (эндометрий), ортоңку булчуң катмардан (миометрий) жана сырткы жылма катмардан (периметрий) турат. Кош бойлуу убакта Жатын булчуң катмарынын талчаларынын көбөйүшүнүн жана чоюлушунун натыйжасында көлөмү жана формасы өзгөрөт. Төрөгөндөн кийин жатын кичирейип өзүнүн мурунку көлөмүнө келет. Жатындын былжырлуу чели этек кир циклине жараша ыргактуу өзгөрүп турат.

Аны нерв системасы, энелик бези жана гипофиздин алдыңкы бөлүгү кармалып турат. Жатын моюнчасынын каналынын ички бети былжыр чел менен капталып, ал бөлүп чыгарган жегичтүү секрет бактерияга каршы таасир этип, жатынга инфекциянын түшүшүнө тоскоол болот. Ошондой эле сперматозоиддин кыймылына таасир тийгизип, уруктанууда да мааниси бар. Жатын — кыймылдуу орган; кош бойлуу, табарсык жана көтөн чучук толтура учурда жана башка физиологиялык шарттарда ордун которуштуруп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8