Жашылдандыруу

Википедия дан

Жашылдандыруукалктын жашоо шартын жакшыртуу максатында бак-дарак тигүүгө, пайдаланууга багытталган чаралар системасы; республиканын бүткүл ландшафтын кайрадан түзүү маселесинин бөлүгү. Мында калктын турмуш-тиричилиги үчүн табият шартын, ыңгайсыз, начар жерлердин ландшафтын байытуу иши жүргүзүлөт. Жашылдандыруунун санитардык-гигиеналык, инженердик-техникалык, өрткө каршы жана эстетикалык зор мааниси бар. Бак-дарак микроклиматты жакшыртып, калк жашоочу жердин абасын, чаң, газ сыяктуулардан тазалайт (жалбырагы, сөңгөгү жана бутагы менен тосот), жолдор менен элдүү аймактарды чаңдан, шамалдан жана күрткүдөн коргойт, санит. гигиеналык шартын жакшыртат. Жашылдандыруунун өндүрүштүк базасын түзүү үчүн шаардын чет-жакасына питомник жана гүл өстүрүүчү чарба жайгаштырылат. ошо

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1