Жаңыжол айыл өкмөтү

Википедия дан

Жаңыжол айыл өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик.

Облустун борбору - Жалалабат шаарынан 330 км, райондун борбору - Токтогул шаарчасынан 3,5 км батышта, Ташкөмүр темир жол бекетинен 193 км аралыкта жайгашкан. Арал, Балачычкан, Жаңы-жол, Карасуу, Кызылтуу, Каратектир, Кайрак айылдары карайт.

Калкы 14660 (2004); негизинен мал чарбасында жана талаачылыкта эмгектенет. Айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты 55,6 миң га анын ичинен айдоо жери 3,2 миң га; 1310 гасы сугат, 1827 гасы кайрак жер. Айыл өкмөттүн аймагында 47 дыйкан чарба уюшулган.

Эки орто мектеп, 3 айылдык врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, 5 китепкана, балабакча, 2 клуб бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5