Жаңыл Алымбекова

Википедия дан

Алымбекова Жаңыл Шырдакчы. 1938-ж. Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Чарбада эмгектенет. Кийиз буюмдарын жасоого жаш чагынан кызыккан. Анын жасаган шырдагы нукура элдик ыкма менен бүткөрүлүп, кийиз килемдей сезилет. «Жарым кыялдын» элементтери мында көбүрөөк кездешет да, даана уздук жүздү ача турган түркүн боёкторду укмуштай чачырата берет. Анда көп өңдөрдү ич ара айкалыштырат. Андагы көркөм оюмдардын элементтерине карата боёкторду шайкештентет. Уздун буюмдары чакан, урунууга жыйнактуу. Төрт тарабын төп келиштирип, шырдакты узчулуктун жогорку чегинде кармаганы оюмдан баяндалып турат. Кийизди да абдан бышык уютат. Шырдактарындагы көркөм оюмдары анын кийиз үлгүлөрүнө үндөшөт. Булар бир бүтүмдү түзүп, бир аруу колдон чыкканы көрүнөт. Анын Мөөркан Өмүрзакова сыяктуу ишенимдүү шакирттери бар. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Шырдагы үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы, Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы. Төр шырдагы жана жолго төшөөчү шырдакчасы үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин I даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0