Жейн Эйр

Википедия дан
Жейн Эйр (1847).

"Жейн Эйр" (англ. Jane Eyre) (башында Жейн Эйр: Автобиография деп басылып чыгарылган) — англиялык жазуучу Шарлотта Бронтенин романы. Ал 1847-жылдын 16-октябрында Англиянын Лондон шаарындагы Smith, Elder & Co. тарабынан "Currer Bell" адабий псевдоним менен басылып чыгарылган. Америкадагы биринчи басылышы Нью-Йорктогу Harper & Brothers тарабынан кийинки жылы басылып чыккан.

Негизинен тарбиялык роман жанрында жазылган "Жейн Эйр" ысымдаш башкы каармандын сезимдерине жана тажрыйбаларына, анын өсүп жетилишине жана ошондой эле ойдон чыгарылган Торнфилд холлдун ээси Рочестер мырза менен болгон сүйүүсүнө окурмандарды жетелейт. Болуп өткөн иш-аракеттерди ички туюм аркылуу сүрөттөө менен (Жейндин акырындык менен адеп-ахлак жана руханий жактан өсүшү жана башка бардык окуялар авторго таандык болгон жогорку чеберчилик менен сүрөттөлгөн) "Жейн Эйр" фантастика көркөм өнөрүндө төңкөрүш жасаган. Шарлотта Бронте "жеке аң сезимдин биринчи тарыхчысы" жана Пруст жана Жойс сыяктуу жазуучулардын адабий ата-теги деп аталган. Роман христиан адеп-ахлак нормаларын өзөгүндө бекем карманган социокритика элементтерин камтыйт. Бирок ошентсе да Жейндин өзүмчүл мүнөзүнөн жана роман класстык басмырлоо, жыныстык, диний жана протофеминизм темаларына токтолгонунан улам көпчүлүгү чыгарма өз убагынан эрте жаралган деп эсептейт.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]