Жекече чыгарылыш

Википедия дан

Жекече чыгарылыш, айрым чыгарылыш – теңдеменин жалпы чыгарылышынан ага кирүүчү турактуу санга маани берүү менен алынуучу чыгарылыш. Биринчи тартиптеги дифференциалдык теңдеменин y=<p(x, C) жалпы чыгарылышындагы С турактуулугуна С=С0 маанисин бергенде алынган y=<p(x, C0) функциясы ошол теңдеменин жекече чыгарылышы деп аталат. Турактуу сандын мындай мааниси теңдеме менен бирге берилген кошумча шарттын негизинде табылат. Мисалы, у"+у=0 теңдемесинин y=C1cosx + C2sinx жалпы чыгарылышынан C1=2, C2=–1 болгондо, y=2cos xsinx жекече чыгарылышы алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]