Жеке сактануу каражаттары

Википедия дан
Атайын кийимдин түрлөрү: 1, 2—жумушчу комбинезон; 3—өзгөчө метеөрологиялык шартта иштегендер үчүн кышкы кийим; 4—эркектин таар күрмө шымы; 5—суулуу шахтада иштегендер үчүн суу өткөрбөс күрмө шым; 6, 7— кислота таасиринен коргоочу күрмө шым; 8— өндүрүш чаңынан сактоочу күрмө шым ж-а баш кийим; 9, 10— жумушчу халат.

Жеке сактануу каражаттарыөндүрүш факторлорунун коркунучтуу жана зыяндуу таасирин азайтуу же андан сактануу үчүн иштегендер колдонуучу атайын кийим же түрдүү буюмдар. Партиянын белгилеген программасын иш жүзүнө ашырууда, мындан ары да эмгек шартын жакшыртууда жумушчу менен кызматчыларды Жеке сактануу каражаттары менен камсыз кылуу маанилүү роль ойнойт. СССРде Жеке сактануу каражаттарын даярдоого жана аны алууга бөлүнгөн каражат, материалдык фойд жылдан жылга көбөйүүдө.

Жеке сактануу каражаттары колдонушуна жараша бир нече топко бөлүнөт: изоляциялоочу костюмдар (пневмокостюм, гидроизоляциялагыч костюм, скафандр), дем алуу органдарын коргоочу каражаттар (противогаз, респираторлор жана башкалар), атайын кийим (комбинезон, куртка, шым, костюм, плащ жана башкалар), атайын бут кийим, өтүк, ботинка, боты жана башкалар; адамдын колун (кол кап), башын (каска, шлём, баш кийим), бетин (маска, калканч), угуу органдарын (чууга каршы шлём жана башкалар), көзүн (көз айнек) коргоочу каражаттар жана башкалар жеке сактануу каражаттарын колдонуу милдеттүү түрдө техника коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен колдонулат. Жеке сактануу каражаттарын граждандык коргонууда калкты анын организмине, кийимине радиоактивдүү, ууландыруучу заттардын, бактериялык каражаттардын түшүүсүнөн коргоого багытталган. Алар дем алуу органдарын жана тери катмарларын коргоочу болуп бөлүнөт. Дем алуу органдарын коргоочу каражаттарга противогаз, респираторлор, чаңга каршы кездеме маскасы, кебез-даки байлагычы жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8