Жергиликтүү электр тармагы

Википедия дан

Жергиликтүү электр тармагы – чыңалуусу 35 кВга барабар электр тармагы. Өнөр жай , айыл чарба жана башкаларды 15–30 км аралыкта электр энергиясы менен камсыз кылат. Жергиликтүү электр тармагынын курамына подстанциялар, аба жана кабелдик линиялар кирет. Ал радиалдык, магистралдык жана туюк болушу мүмкүн. Жергиликтүү электр тармагынын чыңалуусу 1 кВдан чоң болсо, 3 өткөргүчтүү, чыңалуусу 380/220 кВ же 220/127 кВ болсо 4 өткөргүчтүү (3 фазалуу өткөргүч жана 1 нөлдүк) деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1