Жер ортолук деңиз геосинклиналдык бүктөлүү алкагы

Википедия дан

Жер ортолук деңиз геосинклиналдык бүктөлүү алкагы - Жер шарындагы материктердин негизги структуралык элементтеринин бири.

Тынч океан, Арктика, Атлантика, Урал-Монгол геосинклиналдык бүктөлүү алкактары менен тыгыз байланышып, жер бетинде бирдиктүү системаны түзөт.

Атлантика океанынын жээгинен Индонезияга чейин бүт Евразия аркылуу созулуп, платформаларды түндүк жана түштүк топторго болот.

Ал Батыш Европа менен Тун. Африканын герцин бүктөлүү аймагын (областын), Скиф жана Түштүк Туран плиталарыныи палеозойлук негизин, Түндүк Памир, Куньлун, Инди- Кытай жана Малакка ж. а-нын палеозой менен мезозойлук аймактарын, Альп - Гималай жана Индонезия кайнозойлук геосинклиналь аймактарын, Жер Ортолук деңиз менен Кара деңиздин терең чуңкурдуктарын, Каспий деңизинин бөлүгүн, Сулу, Сулавеси, Банда ж. б. деңиздердин чуңкурдуктарын кучагына алат.

Мезозой мезгилинде ал байыркы Индия, Африка, Орус, Сибирь, Кытай платформалары менен курчалып турган ири деңиз бассейни болгон. Кийин альп ороген циклиндеги тектоникалык кыймылдардын натыйжасында алкактынкеп- чулук бөлүгү бүктөлүү тоо системасына айланган.

Калган бөлүктөрү азыркы учурда геосинклиналдык өнүгүүнүн акыркы стадиясында, анткени бул жерде жанар тоолордун атылышы жана тоо пайда болуу процесстери менен байланыштуу жер титирөөлөр дайыма болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.