Жехай

Википедия дан

Жехай (кытайча жэ-ысык, хай-көл, туурасы деңиз) - тарыхый топоним, Кыргызстандагы Ысык-Көл кытайча аталышы. 8-кылымдагы кытай маалыматында мындай жазылган: "Жери суук,бирок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык деңиз деп аташат". Байыркы жана орто кылымдарда Ысыкөлдү кытай адабиятында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж.б., 18-20-кылымдарда Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп келишкен. Ысык-Көлдөн башка дагы бир нече көлдү Жехай аташат.