Живоглядов Валерий Петрович.

Википедия дан

Живоглядов Валерий Петрович (193829-июнь 2020), техник илимдеринин доктору (1974), профессор (1977), КР ИУАнын академиги (1984), Илим жана техник боюнча КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002) Орус. Чүй облусундагы Калинин айылында туулган. Фрунзедеги политехник институтун (1960) аяктагандан кийин, КРИА аспирантурасын кирип аны (1965) бүтүргөн. КРИА Автоматика институнун илимий кызматкери, лаборатория башчысы, деректирдин орунбасары, ИА президиумунун башкы илимий катчысы, Кыргызстан эл аралык университетинин жаңы маалматтар техноложисинин жогорку мектебинин деканы, КУУ Кыргыз-Америкалык компьютердик техноложилер жана ИНТЕРНЕТ факультетинин деканы болуп иштеген. Азыр Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бөлүм башчы кызматында иштөөдө. Башкаруу теориясы, системдик анализ жана информатика боюнча илимий багытта иштейт. КР илимине эмгек сиңирген ишмер (1993). 210 илимий эмгек жараткан, анын ичинде 9 монография, 5 ойлоп табуусу бар.

Түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3