Жогорку чыңалууну өлчөө

Википедия дан

Жогорку чыңалууну өлчөө - жогорку вольттуу турактуу жана өзгөрмө токтун тизмектеринин чыңалуусунун чоңдугун электр өлчөөчү приборлор аркылуу аныктоо.

Жогорку вольттуу турактуу токтун тизмектеринин чыңалуусу нормалдуу чыңалуусу 6 кв-ко чейинки магнит электр системасындагы вольтметр, нормалдуу чыңалуусу 100 кв-ко чейинки электр-статикалык системадагы вольтметр жана турактуу токтун чыңалуусун өлчөөчү трансформатор менен өлчөнөт.

Өзгөрмө токтун жогорку вольттуу тизмектериндеги чыңалууну нормалдуу чыңалуусу 100 в болгон трансформатор аркылуу туташтырылган вольтметр менен өлчөйт. Бул учурда, биринчиден, приборлорду түздөн түз жогорку чыңалуу үчүн жасоо кыйынчылыгы болбой калат, экинчиден, жогорку чыңалууну өлчөөчү приборлор менен иштеген кишилерге бир кыйла коопсуз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.