Жоктоо күүлөрү

Википедия дан

Жоктоо күүлөрү - абалтан эле комузчулар ар кандай жанрдагы, түрлөрдөгү күүлөрдү чыгаруу менен бирге жоктоо күүлөрүн чыгармачылыктарында кеңири өнүктүрүшкөн.

Алар эл башчылары, эр жүрөк баатырлар, айтылуу шайырлар, караал тутуп, карманган кара чечекей балдарынан, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк болгон ага-тууган ж. б. айрылганда комузга, кыл кыякка ж. б. аспаптарга муңдуу, өксүгөн, шолоктогон кайрыктарга бай салмактуу күүлөрдү чыгарышкан.

«О, Керимбай ботом», «Моюнчан» деген ж. б. күүлөр комуз музыкасындагы Жоктоо күүлөрү күлөрүнүн үлгүсү. Жоктоо күүлөрү алгач ыр түрүндө чыгарылып, кийин карандай кайрыктагы кара күү түрүндө (ырсыз) аткарылган. Мис., Тондун «Тогуз булагында» жашаган Сарбан Садык дегендин Керимбай аттуу уулу эл камын жеген эр азаматтардан болот.

Бирок, ал күлгүндөй 25 жаш курагында каза табат. Ошондо атасы «Каз, каркылдап көл сактайт, карып бир калган ата-энең кайда бир барып жан сактайт» дегендей саптардагы өзөктү өрттөгөн «О, Керимбай кулунум» аттуу күүсүн чыгарат. Ал ырдын коштоосунда жана коштоосуз чертилген. Жоктоо күүлөрү аткарылардын алдында кыскача тарыхтары таржымалданып, анан чертилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.