Жолдубаев Ырысбай

Википедия дан

Жолдубаев Ырысбай - (1944-ж. туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Ак-Жар айылы) – медицина илимдеринин доктору (1991), профессор (2005). КММИни бүтүргөн (1967). 1967-жылдан райондук ооруканада башкы врач. Экология ИИИде доцент, директордун орун басары. КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары (1996–2000) болуп иштеген. 2000-жылдан ОшМУнун медицина институтунун директору. Пульмонология жана иммунология боюнча адис. 60тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу, 6 окуу-усулдук куралы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1