Жорго салыш оюну

Википедия дан
Жорго салуу

Жорго салышты кыргыз эли өтө жогору баалаган. Жорго жөнүндө "Манас" эпосунда да таасын сүрөттөөлөр жолугат. Шырдакбектин боз жоргосу сыяктуу айтылуу жорголор ушул күнгө чейин эл оозунда айтылып келе жатат. Мурда жорго аш – тойлордо салдырылган. Жылкынын жоргосу чапма жорго, төкмө жорго деп бөлүнөт. Азыр жорго салыш боюнча мелдеш айлампада, түз жерде жүргүзүлөт. Ага жорго салдыруунун ыгын жакшы билген кишилер катыша алат. Жашы үч жаштан жогору бардык тукумдагы жорголор катышса болот. Жорго салдырышта жоргону бир гана катышуучу алмашпастан минүү керек. Жорго 2ден 10 километрге чейинки аралыкка салдырылат. Катышуучулар бүт аралыкты атты жоргосунан жаздырбай өтүүгө тийиш. 3 километрге чейинки аралыкта 5 жолу, 5 километрде 6, 10 километрде 10 жолу жаңылууга уруксат берилет. Жорго 4төн 12ге чейин секирик жасаса жаңылуу деп эсептелет. 3 секирикке чейинкиси жаңылгандыкка жатпайт. 12ден көп секирик жасаса мелдештен четтетилет. Ээр токумсуз жорго салдырууда, байгелеш атты чаап жиберүүгө, төтө жолго салууга болбойт. Эрежени бузгандар мелдештен чыгарылат. Ээлеген орду жорголор чогуу салдырылса алдыга чыгып келгендеги ордуна ылайык, бир нече кезекке бөлүнүп салдырылса убакыт боюнча белгиленет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]