Жугуштуу оорулар кабинети

Википедия дан

Жугуштуу оорулар кабинети - шаардык жана райондордогу борбордук поликлиникалардын составындагы уюштуруу-методикалык, консультация-диагностикалык жана дарылоо, ошондой эле жугуштуу ооруларга жана бактерия алып жүрүүчүлөргө диспансердик байкоо жүргүзүүчү бөлүм.

Өнөкөт ооруларды кабыл алуу жана консультация берүү, ооруп айыккандарга жана бактерия алып жүрүүчүлөргө амбулаториялык дарылоону жана жугуштуу оорулуу менен катнашкандарга байкоо жүргүзүүнү врач-инфекционист жүргүзөт. Жугуштуу оорулар кабинети жугуштуу ооруларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн пландуу түрдө оорулууну, бактерия алып жүрүүчүлөрдү өз убагында таап, жугуштуу оорулардын алдын алууну ишке ашырат жана калк арасында санитариялык-агартуу иштерин жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8