Жужаңдар

Википедия дан

Жужаңдар - (жуаң-жуаң) кытай жазма даректери боюнча дунху (чыгыш жапайылары) тукумунан, мугулюй (таздар) деген ат менен белгилүү болгон уруулар. Моңгол тилдүү урууларга кирип, адегенде Вей династиясынын курамында болушкан. Гюйлухой аталган башчысынын тушунда жужаңдар бир аймакка бириктирилип, Жеужаң, же Жужаң деп аталган. Жужаңдар мамлекетине Иле дарыянын башы менен Тарбагатай аймагынан тышкары Жуңгария, Алтаин-Нур тоо кыркасына жакын талаалардын бир бөлүгү, Хангай, Селенга өзөндөрүнүн бассейни, Чыгыш Халха, Инцзинхэ өзөнүнүн башатындагы Чоң Хингандын эки бети, Ляо-хе өзөндөрүнүн ортоңку жана жогорку агымы, анын ичинен балким Сунгари менен Ляо-хе өзөндөрүнүн аралыгындагы талаалар да караган. 420-жылдары жужаңдар күчтүү өлкөгө айланып, Улуу талаанын гегемону болуп таанылган. жужаңдардын каганы Датан башкы душманы Тоба-Вейди алсыратууга аракеттенип, 424-жылы 60 миң аскери менен Кытайга кол салып, борборуна чейин жетип, императордун сарайын талкалаган. Датан өлгөндөн кийин анын ордуна уулу Ути отуруп, Түндүк Вей мамлекеттери менен тынчтык келишимин түзүп, жыл сайын алым төлөп турууга мажбур болгон. 437-жылы Ути аскери аларга кол салган. 439-443-, 449-, 458-жылы жужаңдар түндүк вейликтердин аскеринен орчундуу сокку жешкен. 5-кылымдын баш ченинде будда дини тарашына байланыштуу өлкө бүлгүнгө учурагандыктан, жужаңдар экиге бөлүнгөн. Ага карабай гаогюйлыктар менен согушун улантып, аларды талкалап, күчтүү өлкөгө айланган. Бирок, ич ара келишпестиктердин натыйжасында жужаңдардын акыркы кагандары Анахуань (Анагуй) менен Поломынь Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. 521-жылы Анахуань кайрадан өлкө башы болуп, түндүк вейлик мамлекеттердин вассалы катары алым төлөй баштаган. 534-жылы Түндүк Вей мамлекеттери батыш-чыгыш болуп, экиге бөлүнүшүнө байланыштуу жаңы саясий кырдаал түзүлөт. Натыйжада жужаңдар. вассал болуудан баш тартып, Кытайдын чектеш аймактарына кол салган. Чыгыш Вей мамлекети Анахуань менен бирдикте Батыш Вейди талкалоого аракет кылат, бирок батыш вейликтер түрктөргө элчи жиберишет. Түрктөр гаогюйлыктар менен биригип, жужаңдарды талкалайт (546), алардын каганы Анахуань өзүн-өзү өлтүрөт (552). Ушул окуялардын натыйжасында Борбордук Азиянын саясий аренасында түрктөрдүн орду жогорулаган. Т. А Жуманалиев Жузнани, Абу ОмарОсмани боюнча Мухаммедал Менхаджад-Динин Си-раджал Жузжан и (1193, Иран өлгөн жылы белгисиз) фарсы тарыхчысы. Түндүк Афганстандын Фирузкух, Басмиян Гур султандарында катчы болуп кызмат кылган. Моңголдордун жортуулунда (1226) Индияга качып барып, мамлюк султандарынын тушунда Делиде казылык кызмат аткарган. 1260-жылы жужаңдар байыркы замандан 1253/60-жылдарга чейинки тарыхый окуяларды камтыган «Табакат-и Насири» аттуу эмгегин жазган. Анда Иран, Индия, орто Азияга жана моңгол чапкынына байланыштуу маалыматтар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]