Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович

Википедия дан

Жунусов Бейшенбай Мамбетөмүрович - (28. 11. 1957-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району Ат-Башы кыштагы) генерал-майор (2004). 1980-жылы ФПИни бүткөн. 1980-81-жылы ФПИнин механика-машина куруу факультетинде комсомол комитетинин секретары, 1981-84-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн кенже, улук оперуполномочени, бөлүмдүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1991-96-жылы КРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, КРдин Тышкы экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, КРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары бөлүмдүн начальниги, 1996-2001-жылы КРдин улуттук коопсуздук министринин орун басары, Улуттук коопсуздук министрлигинде башкармалыктын начальниги, Башкы башкармалыктын начальниги, 2001-05-жылы КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын Башкы башкармалыгынын начальниги, төраганын орун басары болуп иштеген. 3 даражадагы Манас ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]