Жунусов Мален
Жунусов Мален (1921-ж. т., Казак ССРи, Караганды облусу, Өндүрүш колхозу) - эл агартуу от» личниги.
- 1938-ж. Жалал-Абадтагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.
- 1938-жылдан Жаңы-жол, Кызылтуу, Киров атындагы мектептерде окуу бөлүмүнүн башчысы, дирек-тор,
- 1941-45-ж. Токтогул райондук парткомунда бөлүм башчы,
- 1948-56-ж. Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор,
- 1956-77-ж. “Эмгек”, Карл Маркс, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептеринде,
- 197793-ж. жаштардын кечки мектебинде, кесиптик-техникалык окуу жайды окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп эмгектенген.
- 1995-2000-ж. Токтогул шаарчасында аксакалдар сотунуң төрагасы, 2000-жылдан ардагерлер кеңешинин төрагасы.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5