Журнал файлы

Википедия дан
(Log file - Журнал записей). 1. Колдонмолор, кызматтар же иштетүү системи тарабынан түзүлгөн кабарларды сактаган файл. Мындай кабарлар аткарылган амалдарды эсептөө үчүн колдонулат. Мисалы, веб-сервер бардык алынган талаптар жөнүндөгү маалыматтар үчүн журнал алып жүрөт. Журналдар калыптанбаган (ASCII) кеңейтилиши .log болгон файлдар болушат. 2. Архивдөө програмдары менен түзүлгөн, архивдөө жана калыбына келтирүү ийгиликтүү аткарылган, ошону менен катар түзүлгөн датаны, файл жана каталог аттарын каттаган файлдар журналды түзөт. Журнал кызматы жана өндүрүмдүүлүктү кабарландырган кызматтар дагы журналды түзүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

У. Н. Бримкулов, А.Өмүралиев, В.Бабак.
Компьютер жана Интернет. Энциклопедиялык окуу куралы
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек - 2004.