Жыландытоо тоосу

Википедия дан

Жыландытоо тоосуАлай кырка тоосунун түндүк тармагы. Чөгөм жана Кичи Алай (Акбууранын сол куймалары) сууларынын аралыгында кеңдик багытта 20 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 4300–4400 м, эң бийик жери 4600 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү, түштүк капталы кыска жана тик, түндүгү жантайыңкыраак, майда кокту-колоттор бар. Карбондун кумдук, сланец, алевролит, акиташтуу конгломерат, гравелит жана башкалар тектерден турат. Шалбаалуу талаа (2800 мге чейин), бадалдуу токой (арча; 2900–3100 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3100–3400 м) ландшафттары, ошондой эле бийик тоолуу субнивалдык жылаңач чөл да мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]