Жээнбаева Гүлнара Ахуновна

Википедия дан

Жээнбаева Гүлнара Ахуновна (1948-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист, профессор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).

1962-ж. Бишкектеги балдардын П. Шубин атындагы музыкалык мектебин аяктап, Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографийлык окуу жайында окуп жүрүп, Москвадагы П. Чайковский атындагы койсерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайына которулган.

Студент күндөрүндө эле концерттик бригаданын курамы менен Москва, Горький ж. б. шаарларда жеке концерттерди берген.

Окуу жайын бүгөрү менен (1969) Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна кирет. Аны бүтөөрү менен институттун фортепьяно кафедрасында мугалим болуп иштеп калат.

Орто Азия республикалары менен Казакстандын жаш аткаруучуларынын конкурсунда үчүнчү орунду ээлеп, лауреаттыкты жеңип алат.

«Кыргыздын фортепьяно музыкасын интерпретациялоо жана адистештирилген фортепьяно классында окутуунун кээ бир өзгөчөлүктөрү», «Кыргыздын фортепьянолук музыкасы Т. Эрматовдун чыгармачылыгынын мисалында өнүгүшү», «Кыргызстандагы музыкалык билим» (К. Надыршина, И. Ялбучан менен бирге) аттуу методикалык эмгектерди жазган.

1969-жылдан тартып концерттик аткаруучулук ишкердүүлүккө жандуу катышат. Чет өлкөлүк жана орус, кыргыз композиторлорунун классикалык фортепьяно музыкасынан симфониялык оркестрдин коштоосунда концерттерди берет. 1983-ж. Бүткүл союздук «Мелодия» фирмасынан Жээнбаеванын аткаруусундагы кыргыз композиторлорунун чыгармалары диск-гигант болуп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.