Жүзмамбетов Кадыралы

Википедия дан

Жүзмамбетов Кадыралы (1887, Нарын облусу, Ак-Талаа району Саз кыштагы - 1972, ошол эле жер) - жылкычы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1949). 1937-жылдан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Жеңиш» колхозунун жылкычысы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкен. 1948-жылы 59 бээден 59 кулун алып, аман асыраган. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]