Жүк ташууну уюштуруу тууралуу келишим
Жүк ташууну уюштуруу тууралуу келишим – ташып жеткирүүчү менен жүктүн ээсинин ортосунда жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуунун зарылдыгынан улам түзүлүүчү узак мөөнөттүү келишим. Ж. т. у. т. к. боюнча ташуучу жүктөрдү белгиленген мөөнөттө алууга, а жүктүн ээси – белгиленген көлөмдөгү жүктү ташууга берүүгө милдеттенет. Ж. т. у. т. к. унаа каражаттарын жана жүктөрдү берүүнүн мөөнөтү, көлөмү, эсептешүүнүн тартиби жана ташып жеткирүүнү уюштуруунун башка шарттары аныкталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7