Заара ушатуу

Википедия дан

Заара ушатуу (заара чыгаруу) — табарсыктын толушуна жараша мезгили менен организмден заараны рефлекстик чыгаруу.

Ал Табарсык менен заара чыгаруучу каналдын жылма булчуңдарынын жыйрылышынан ишке ашат. Аны рефлекстер аркылуу мээ менен жүлүндүн нерв борборлору жөнгө салат. Табарсыкка 250—300 мл заара чогулуп, анын капталы чоюлат да, рецепторлор дүүлүгүп, заара кылгысы келет. Киши суткасына 4—6 жолу заара кылат. Табарсыктын оозундагы 2 катмар шакекче булчуңдар заараны табарсыктан чыгарбай тосуп турат. Соо киши суюктукту көп ичкенде заара чыгаруу күчөйт, коюу, кургак тамак жегенде же ысыкта көп тердегенде заара аз чыгат. Табарсыктын булчуңдарынын жабыркашынан (мисалы, төрөттөн кийин), нерв системасынын айрым ооруларынан (Энурез) Заара ушатуу бузулушу мүмкүн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8