Завод-автомат

Википедия дан

Завод-автомат — борбордук компьютер менен башкарылуучу ийкемдүү автоматтык жогорку өндүрүш ишканасы. Завод-автоматын башкаруу системасынын курамына сом темирлерди иштетүүчү, жыюучу жана ташуучу, жабдууларды диагноздоочу, өндүрүштү башкаруучу, калдыктарды кайра иштетүүчү системалар кирет. Завод-автомат негизинен машина түйүндөрүн, тетиктерин жана жабдууларды адамдын катышуусуз даярдоого арналган. Завод-автоматта колдонулган техникалык жабдуулар жана каражаттар, ташуучу жана өнөр жай роботтору бардык ишке өтө маш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]