Залкар комузчулар

Википедия дан

Кыргыз элинин музыка маданиятынын эң бай булактарынын бири-элдик ырлары жана күүлөрү. Булар калкыбыздын турмушунда өтө чоң роль ойногон. Элдик ырлардагы жана күүлөрдөгү залкар ойлор, күчтүү сезимдер, мукам обондор, татаал кайрыктар ар бир угуучунун жүрөгүнө, акылына көп нерселерди баяндайт.
Өткөн заманда комуз үнү жайлоодо, боз үйлөрдө жаңырса, бүгүн дүйнөлүк чон аренага чыгууда. Залкар комузчуларыбыз Т. Сатылганов, М. Күрөңкеев, К. Орозов, Ы. Туманов, Ниязалы, А. Огомбаевдердин жараткан классик күүлөрү, обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келет.