Замбил

Википедия дан

Замбил - жүк ташылчу чарбалык шайман. Замбилдин сокмо жана такта түрлөрү бар. Сокмо замбил арасы 10 - 100 см, узундугу 2 метр чамалуу эки жарыш таяктын орто ченине чырпыктардан чуңкурга тыгыз токулуп жасалат. Такта замбил болсо жарыш таяктардын ортосуна тактай кагылып жасалат. Замбил курулуш жана башка иштеринде кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]