Захарьев Николай Ильич

Википедия дан

Захарьев Николай Ильич (1902, Россия, Орёл губерниясы, Малоархангельск шаары - 1980, Фрунзе) - зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (1950), профессор (1952), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Социалистик Эмгектин Баатыры (1969), СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1951). Москвадагы Жогорку зоотехния институтун бүтүргөн (1924). Москва жана Новосибирскиде айыл чарба мекемелеринде иштеген (1924-30). 1933жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде бөлүм башчы, директору. 1952-54-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасынын орун басары, 1957-65-ж. Кыргыз ССР ИАнын Биохимия жана физиология институтунда лаборатория башчысы. 1965-жылдан Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти. Ал көп жылдык чанактуу өсүмдүктөрдү жана бедени тоютка пайдалануунун рационалдуу жолдорун табуу, алардагы протеин жана каротинди көбөйтүү, витаминдүү чөп унун даярдоо, эгилме жайыт түзүү, көк тоюттун сиңимдүүлүгүн жогорулатуу жана башка маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Эки Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мек. Согуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгектери; Корма Киргизской ССР, их состав и питательность. Т. 1-2. Ф., 1970 (соавт.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]