Зачин

Википедия дан

Зачин,башталма-жомоктордогу салттуу башталыш.Кыргыз эл жомокторунда көбүнчө мындай(башталма)орун алып келатат: Бар экен,жок экен, илгери өткөн заманда бир кемпир-чал,...,же бир ырайымсыз кан...,же бир жетим бала...же үч бир тууган болуптур д.у.с. Андан ары окуя ошол башталманын айланасындагы адамдардын тегерегинде өнүктүрүлөт.Эл эпосторунун башталмалары көбүнчө каармандын түпку тегин,ата-бабасынын ким болгонун,уруусун баяндоо менен ачылат. Бул "жомок башы"деп да аталат.




Пайдаланылган адабият

Ж.Шериев,А.Муратов Кыргыз адабияты терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.