Зееман эффектиси

Википедия дан

Зееман эффектиси - магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин жана спектр сызыгынын ажыроо кубулушу. Голл. физик П. 3ееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурланышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери жана спектр сызыктары жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. 3ееман эффектиси нормалдуу (жөнөкөй) жана аномалдуу (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу зееман эффектисинде спектр сызыгы магнит талаасына перпендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаанын багыты боюнча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп жана сызыктар башкача жылышат. 3ееман эффектиси квант системасынын (мисалы, атомдун) механикалык моменти менен байланышкан жана мейкиндикте белгилүү бир тарапка гана багытталуучу магнит моментинин болушу менен шартталат. 3ееман эффектисинен изилдөө атомдун жана атом системасынын жука структурасын аныктоодо чоң роль ойнойт. Магнит талаасын өлчөөдө квант магнетометри колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]