Зонд (медикалык аспап)

Википедия дан

Зонд — денедеги көңдөй органдарга, түрдүү каналчаларга, тешилген жердин жылчык жолдоруна, жарааттарга диагностикалык жана дарылоо процедураларын жүргүзүү үчүн керектелүүчү медициналык аспап.

Ал колдонулушуна жараша металлдан (күмүш, болот) жана ийилгич материалдан жасалат. Жөнөкөй зондду киргизүүдө көңдөйлөрдүн тереңдиги, кеңдиги, формасы жана андагы бөтөн нерсенин болушу жана башка аныкталат. Көңдөй органдын ичиндегисин (мисалы, карындан карын зили, өт баштыкчасынан өт) алуу, диагноз коюу жана дарылоо максатында ага дары заттарын жиберүү үчүн, кээ бир операциялардан кийин тамактандырууда көңдөй 3онд кеңири колдонулат. 3онддун кээ бир түрү атайын прибор менен бириктирилет. Анын жардамы менен көңдөй органдардын басымы, жүрөк иши изилденет.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8