Зоология музейи

Википедия дан

Зоология музейи - жаныбарлардын коллекциялары (тери, кеп, скелет ж. б.) топтолгон илимий жана маданий агартуу мекеме. Зоология музейи жаныбарлардын систематикасы, зоогеографиясы, өзгөргүчтүгү, салыштырма анатомиясы жана морфологиясы,. эволюциялык теория боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Зоология музейи студенттер, мектеп окуучуларынын арасында окуу иштерин, токой жана айыл чарба, аңчылык боюнча кеңештерди уюштурат. Кыргызстанда зоология музейи 1926-ж. уюштурулуп, адегенде «Край таануу музейи», 1953-жылдан зоология музейи деп аталып, Кыргыз ССР ИАнын карамагында болгон. 1963жылдан КМУнун, 2000-жылдан КР УИАнын Биология жана топурак таануу институтунун карамагында. Анын 10 миңден ашык коллекциясы бар. Кыргызстандын жаныбарларын изилдөөдө, аларды коргоо маселелерин калк арасында кеңири жайылтууда жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]