Зубков Дмитрий Петрович

Википедия дан

Зубков Дмитрий Петрович (1911-ж. туулган, Украина, Сумы облусу, Лягин району, Семейкин айылы) - агроном, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-45). Москва облусунун Балашиха шаарындагы Бүткүл союздук айыл чарба институтун бүткөн (1957). 1946-ж. Кант районундагы Фрунзе атындагы кант комбинатынын башкы агроному. Ал 1947-ж. кант кызылчасынын ар гектарынан 817 цден түшүм алган. 1959жылдан Кыргызстан машина сыноо станциясынын директору. 1963-67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 2 Ленин, 2 Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]