Зулпукор

Википедия дан

Зулпукор (арабча зулфакар — аркалуу) — Манастын кылычы. Мусулман уламышы боюнча Мухаммед пайгамбар өзүнүн күйөө баласы, ары иниси Азирет Аалыга берген укмуштуу кылычтын аты да 3. (Зулфакар) деп аталган. Бул ат эки миздүү, учу эки ача, кылычтын жеңил жана бекем болушу үчүн ортосуна жаныбардын кыр аркасын элестеткен быдырлар салынып өзгөчө ыкма менен жасалышына карата берилген. "Манас" эпосунда кылычтын мындай аталышы дин уламыштары аркылуу кийин кирген. Көпчүлүк варианттарда Манастын кылычы нагыз кыргыз сөздөрү менен аталат: Сагымбайда Ачалбарс, Б. Сазановдо Жойболот, М. Мусулманкуловдо Наркескен, А. Рысмендеевде Акболот (Акалбарс) жана башкалар баатырдык эпостордун салтында каармандын жеке керт башын эле идеалаштырып, баатырдык доордун рухуна ылайык жоодон жеңилбес кайрат күчкө, согуштук айла-амалга ээ кылбастан, ал урунган курал-жарактарды, ат-тонду да укмуштандырып, адаттан тышкары касиеттерге ээ катары баяндоо адаттагы көрүнүш. Көпчүлүк учурда курал-жарактар жандандырылып, касиеттүү (культтук) сапатка ээ болот. Бул бекеринен эмес, металл (темир) куралдардын пайда болушу баатырдык доордун пайда болушуна түрткү болгон.


Эпосто башкы каармандардын алып жүргөн ар бир куралынын “таржымалына” кеңири токтолуп, каарман ага кандайча ээ болгонун, качан, кандайча жасалганын, кандай укмуштуу касиеттер бардыгы кенен сүрөттөлөт. Ошол куралдардын ичинен жоокердик замандын негизги куралы кылычка да зор көңүл бурулат. Бул куралга жетүү өзгөчө кырдаалда болот. Манас жана анын чоролору урунган башка жоо куралдарынын мыкты сапатка ээ болушу эч бир кереметтүүлүк менен байланышкан эмес. Андай касиет аларды жасаган усталардын (мисалы, төкөр уста Бөлөкбай), уздардын (Каныкей) чеберчилигине тийиштүү болсо, жалпысынан алты курч аталган кылычтар: Манастын Зулпукору, Бакайдын Кылболоту, Ажыбайдын Ачболоту, Алмамбеттин Жойкумасы, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Аркескени асмандан түшүп, баатырлардын колуна керемет менен тиет. Саякбайда Манас атасы Жакыпка тарынып кетип Боз-Талаага Баба-Дыйкандын жардамы менен эгин эгип, түшүмүн Аккулага алмашып кайтып келе жатканда алдынан чыккан ак сакалчан думана Кайыпчал (Кызыр) ага алты курчту атайы сен үчүн асмандан түштү деп берет. Думана алты курчтун маанисин, касиетин сыпаттап келип: “Өзү тийген күчтүүгө, Кызылдай кыргын салыңыз! Зордукчул кытай элине, Ылайык кылган алты курч...” — деп атайы тапшырма берет (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 502-инв., 74-б.). Баатырдык эпостордо башкы оң каармандын өзү гана белгилүү бир миссияны аткарыш үчүн укмуштуу жол менен атайы төрөлбөстөн, анын курал-жарагы да атайы ошол ишке арналган болот. Эл өзүнүн идеалын жүзөгө ашырчу каармандын жеке керт башын гана эмес бүткүл турушу менен идеалдаштырат. Ошондуктан каарман ал миссияны аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Ушул салттык мотивге ылайык Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда да Манас өзүнүн атактуу кылычына укмуштуу жол менен жетет. Бирок мында эпостун байыртан келе жаткан мотиви мусулман динине ылайыкташып өзгөргөнү байкалат. Манаска Ачалбарсты Мекеден келген Айкожо пайгамбардан калган белек катары тапшырат. Чындыгында мусулман ыйыгынын аркасында байыркы элдердин мифтик түшүнүктөрүнөн, ишенгендеринен пайда болгон касиеттүү колдоочу карыя — тотемдик баба жатканын көрүү башка типтеш материалдар менен салыштырганда ачык көрүнөт. Дүйнөдөгү байыркы элдердин салтында кылычка кудай катары сыйынуу тарыхый реалдуулук болгон. Мисалы, Геродоттун жазганына караганда байыркы скифтердин согуш кудайы кадимки эле кылыч болуп, ага арнап курмандык чалышкан. "Манас" эпосунда да кылыч скифтердегидей культтук касиетке ээ экенин көрөбүз, эпосто баатырлар антташканда: “Ушул анттан танганды Ачалбарстын мизи урсун” — дешип кылыч байыркы түрк-моңгол элдериндеги эң жогорку культтар “төбөсү ачык көккө”, “төшү түктүү жерге” катар коюлат:

Түн ичинде суурса

Өрттөй болуп кызарган,

Уруштуу күндө узарган,

Заарын тарткан мунардан,

Учун кайкы чыгарган

Тоого чапса таш кескен

Белге чапса баш кескен

Шиберге койсо өрт кеткен

Шилтенгени мүрт кеткен (Сагымбай Орозбаков, 2. 210).

Алты болот курч ошол,

Ачуусуна тийгенде

Ааламды бузган мүлк ошол

Кыйкырып кындан алганда

Кан ичпей куру жүрбөгөн

Кызыгып кындан чыгарса

Кан ичпесе кирбеген

Кабарын угуп алганда Качып душман сүрдөгөн (Саякбай Каралаев, Ф, 542инв., 275-б.).

Шилтегенде бул кылыч

Аркан бою узарат,

Кайра тартып алганда

Керидей болуп тартылат (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 201-б.).

Бул сүрөттөөлөрдө Манастын кылычы өтө жогорку сапаттуу жоо куралы болуу менен бирге кандайдыр адаттан тышкары укмуштуу касиетке ээ экени да айкын байкалат. Кээ бир варианттарда мындан да күчөтүлгөн гиперболалык сүрөттөөлөр бар. Акмат Рысмендеевдин вариантында Манастын кылычы колдон түшүп кеткенден ташты, тоону оюп, жерди көтөрүп турган көк өгүзгө жетип, башын кыйып кетерде, бул дүнүйө кыйрап кетет — деп периштелер кармап алып келип турушканы айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4