Зыян

Википедия дан

Зыян – жарандык укуктагы бир жактын өзүнүн туура эмес иш-аракети аркылуу башка бир жакка карата акчалай келтирген зыяны. Биринчиден, укугу бузулган жактын кайрадан калыбына келтириле турган тарткан чыгымы, ошондой эле анын мүлкүн жоготуу же бузуу (иш жүзүндөгү зыян), экинчиден, эгер милдеттенме өз деңгээлинде аткарыла турган болсо, ал алууга мүмкүн боло турган киреше (колдон чыккан пайда) З. катары түшүндүрүлөт. Жалпы эреже боюнча, карызкор кредиторго келтирилген З. ордун толугу менен толтуруп берүүгө тийиш. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү боюнча, мыйзам анын жоопкерчилигин чектеши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]