Ибрагимов Шабдан

Википедия дан

Ибрагимов Шабдан (1922, Мончокдөбө айылы - 1998, Айрытам айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, эл агартуу отличниги.

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-12).
  • Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын,Ош педагогикалык институтун бүткөн.
  • 1941-42-жылдары жылы Мончокдөбө 7 жылдык мектебинде мугалим,
  • 1944-53-жылдары Көксерек жети жылдык мектебинде директор,
  • 1953-78-жылдары 1-Май орто мектебинде мугалим,
  • 1979-83-жылдары Көкташ орто мектебинде,
  • 1983-88-жылдары Совет-Сай орто мектебинде директор болуп эмгектенген.Согуш мезгилинде колхоз активдеринин сабатсыздыгын жоюуга активдүү катышкан.
  • I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени, медалдар менен сыйланган.
  • Айылдагы көчөгө ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6