Ибраева Салима

Википедия дан


Ибраева Салима
оймочу, өрмөкчү, чырмакчы, шырдакчы. 1931-ж.Ат-Башы районундагы Жаны-Күч айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Пограничникколхозунда (азыркы Казыбек айылы) кыйла жылдары эмгектенген. Узчулук нусканы энеси Шайымбүбү Шайылда келининен алган.
Салиман узчулукту саймачылыктан баштаган. Сайманы “басма сайма”, “жөрмөмө сайма”, “илме сайма” өңдүү түрлөрүн кармап, туш кийиз, кийим жапкыч, керебет аяк, сүлгү ж.б салттуу буюмдарды колунан чыгарган. Шырдактарынын четтиги бычак учуланып, “жарым кыял оюму” жээк оюмун түзөт. Кайрадан “бычак учу” “аламчы” болуп, жалпы оюмдун ортолугунда (борбордук ) төрт “кочкор мүйүз оюмунун” башынан төрт “карга тырмак оюму” өзөк катары чыгат. Ал табакчанын жарымы тумарчаланып “колтук оюму” болот. Элдик оюмдарга нн “кыял оюмдарын” кошумчалайт.Анын айрым чакан шырдактары дубал бетине туштук катары тартууга ылайыкташтырылган. Өзүнүн кийизчилик узчулугунда ал “бадам оюмунун” “мүйүз ойумун”, “жарым кыял ойумунун” негиз тутуп боз үй көтөргөн.Анын жабык башында буюм четине “тап бердирип”, жээк (четтик) оюмуна “бадам оюмун” алып, ал “жарым кыял оюму” менен тутумдашып, ак-кызылдан турган ак этеги “жагалмай канат оюмун” элестетет. Учу тор чачыкталат,топ чалчыкталат. Уздун чырмакчылыгы да өзүнчө бааланат. Канат чийиндеги “ийректери” адаттагыдай карадан берилип, аралары ачык “ала мончоктолгон” “мүйүз ойумдарынын” түрлөрү сындырылып, төптүктү, тактыкты жана көркөм каражаттардын ич ара шарттуу катыштарын талаптагыдай сактап, буюмда салттуулуктун илеби урат. Ал эми ак өргөөнүн ички- сырткы боо-чуулары терменин “бир жүздүүсү”, “эки жүздүүсү” аркылуу бүткөрүлгөн. Анда “чычкан изи” аркылуу “таап бердирмелер” арбын. Ортолук (борбордук) көчөттөрдү бөлүп, “тегиричтеги” табакчалар бири-бири менен уулай согулган көркөм каражаттарга бай таар термелери-эски буюмдарды кайрадан салттуу түрдө кармоонун кийинки муундарга дал өзүңдөй калтыруунун ойдогудай үлгүсү. Мында “жарым кыял”, “бото моюн”, “омуртка”, “комуз тил”, “чымын канат” сымал көчөттөр ич ара шартташкан. Салиман ичик, тебетей, өпкө кап ж.б. кийимдерди, көлдөлөң, жер төшөк өндүүлөрдү да салттуулукта кармайт.Уз келиндерди Шарипа Бакир кызы (Бишкек), Чынар Мажит кызы, Асыл Бакир кызы (Нарын), Бактыгүл Осмонкул кызы, кыздары Бейшекан Кадыр кызы,Аидаларга (Ат-Башы айылы) узду нускасын берүүдө.
Катышкан көргөзмөлөрү кароо-сынактары жана алган сыйлыктары
1974-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан компартиясынын 50-жылдыгына карата боз үйлөрдүн республикалык ат майданында өткөрүлгөн көргөзмөсү. Ак боз үйү тигилген.1982-ж.СССРдин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата “Элдик уздардын жана устаттардын кароо-сынагы”. Кийиз клемчеси үчүн Нарын облаткомунун 111 даражадагы диплому.1984-ж.Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан компартиясынын 60 жылдыгына карата республикалык ат майданындагы салтанатка боз үй тигип келгендиги үчүн ЭЖРКнүн 11 даражадагы диплому.