Ибраимов Бекболот

Википедия дан

Ибраимов Бекболот 1954-жыпы 1-ноябрда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1971-жылы Макаренко атындагы орто мектепти,
  • 1982-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин аяктаган.
  • 1974-1984-жылдары «Дружба» совхозунда бухгалтер, баш бухгалтер,
  • 1984-1987-жылдары Октябрь Винсовхоз-комбинатта бухгалтер,
  • 1987-1990-жылдары «Карл-Маркс» колхозунда башкарма,
  • 1990-1994-жылдары Октябрь Винсовхоз- комбинатында директор,
  • 1994-1998-жылдары «Тилек» дыйкан чарбасынын башкармасы,
  • 1998-2004-жылдары ИИМ M. Р. У. эксперт,
  • 2004-2010-жылдары «Тилек» дыйкан чарбасында,
  • 2010-2012-жылдары Сузак Райкеңешинин төрагасы,
  • 2012-жылдан бери «Бейтарап» сотунун төрагасы болуп эмгектенип келе жатат.
  • Ошону менен катар Октябрь Винсовхоз-комбинатында арак заводду ачылып иштешине,
  • 1988-жылы Карл-Маркс колхозуна караштуу Орто- Азия айылындагы мектептин,
  • 2012-жылы Гавриловка айылындагы көпүрөнүн, Октябрь кыштагындагы оорукананын курулушуна түздөн-түз аябай чоң салымын кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3