Идеологиялык бюрократия

Википедия дан

Идеологиялык бюрократия - идеялык-теориялык ой-жүгүртүүнүн бюрократиялык ой-жүгүртүүдөн көз карандылыгын даңазалай турган идеолог-функционерлердин катмары.

Идеологиялык бюрократияга ишеним жоопкерчиликтен жогору болуп кете турган саясий ой жүгүртүүнүн өзгөчө тиби мүнөздүү. Ой жүгүртүүнүн баштапкы категориясы практикалык ишмердиктин багыты болуп эсептелет. Анын негизине социалдык өнүгүүнүн идеалдары конструкциялашат. Алар чындыктын «жакшыларынын» түзүлүш жана «жамандарынын» кемиш жолу аркылуу түзүлөт. Бирок чындыктын мындай тараптарга бөлүнүшү илимий изилдөөлөрдүн нормаларына ылайык эмес, тигил же бул идеологдун коньюнктуралык саясий артыкчылыктарынан чыгып жүзөгө ашат. Акыр-аягындагы баалоо критерийи зомбулук болот, анткени чындыкты бардык анын татаалдыктарында, карама-каршылыктарында таанууга кызматтык роль таандык. Мамлекеттик кызматкерлер адатта социалдык илимди жүрүп жаткан бийликти актоонун керектөөлөрүнө баш ийдирүүгө аракеттенишет. Идеологдор өз дараметтерине жараша бул заказды аткарышат жана идеология менен илимдин ортосундагы айырмачылыкты жоюуга аракеттенишет. Идеал конструкциялашкандан кийин саясий стратегиялар, программалар жана ага жетишүүнүн тактикасы келтирилет. Бардык бул процедуралар идеологдун айкын саясий шарттарынын жана моралдык-саясий артыкчылыктарынын күчтүү таасири алдында болот. Жыйынтыгында социалдык өнүгүүнүн чыныгы тенденциялары дагы, айкын тарыхый кырдаалдын бөтөнчөлүгү дагы адекваттуу чагылдырылбайт. Адамдардын чыныгы кызыкчылыктары жана тарыхый тенденциялар ыктыярдуу конструкциялар менен алмашылат. Ошондуктан чындык ишенбөөчүлүк жана сактануучулук менен кабылданат. Идеологдун бул салаты классикалык бюрократ менен жакындашат. Адамдар, топтор, таптар жана бүтүндөй коом идеологдун жана мамлекеттик чиновниктин ишмердигинин пассивдүү объектилери катары каралат. Коп учурда бул илимий жана саясий функционерлер «кара адамдарга» чыныгы тартиптин, мээримдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн жолуна чыгууга жардам берүү максатындагы соопчулукка шыктанышат.

Идеолог менен бюрократ өздөрүн чындыктын жеткен жери катары бекемдөөгө аракет кылышат. Адамдардан социалдык кайра өзгөрүүлөрдүн сунушталган программалары менен макул болуусу гана талап кылынат. Бардык макул эместик сунушталган жолдун тууралыгына күмөн салууга мажбурлабайт. Анын ордуна адамдарга тарыхтын «жетиле элек» курулуш материалы катары мамиле кылууга түртөт. Чиновник сыяктуу эле идеолог дагы адамдарда өз алдынчалыктын ой жүгүртүүсү менен иш-аракетин жайылткандын ордуна ар дайым оз туусунун алдында кантип жолун жолдоочуларды көп чогултсам болот деген ойго тынчсызданышат. Саясий партиялардын программалары менен уставдары бул өз алдынча эместикти саясий жүрүм-турум эрежесине айлантышат. Эгерде чындык саясат менен идеологиянын пассивдүү объектиси катары гана каралса, ал каалаган теориянын чындыгынын критерийлик ролун жоготот. Ага конструкциялашкан идеалдар менен стратегияларга макул болуу укугу берилет. Ошентип, практиканын идеалдык-максат көздөөчүлүк тарабы бүтүндөй практиканын өзү менен дал келет, мындан улам же практика болбой калат, же чиновник менен идеологдун, ошондой эле саясий конъюнктуранын таанып-билүүчүлүк-саясий көрсөтмөлөрүнө ылайык жөнөкөйлөшөт.

Адамдар башынан эле жана дайыма ойлоп табуучуларга жана эпигондорго, айдоочуларга жана баш ийүүчүлөргө, интеллигенцияга жана элге бөлүнүп келет. Чиновниктердин ишмердиги сыяктуу Идеологиялык бюрократиянын ишмердиги көп жагынан саясий демилгени жана адамдардын саясий чыгармачылыгын шал кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8