Ийне сайып дарылоо

Википедия дан

Ийне сайып дарылоо, акупунктура, чжень цзю терапия дененин белгилүү жерлериндеги тканга түрдүү узундуктагы ийне сайып дарылоо ыкмасы. Ийне сайып дарылоого акупунктуранын өзү жана игнипунктура (өсүмдүк заттарынан атайын кысылып жасалган таякчалар менен) кирет. Экөө тең Кытайдын элдик медицинасында байыртан эле колдонулуп келген. Адамдын денесинде оорунун түрүнө жараша ийне сайыла турган 664 чекит бар. Дененин белгилүү жериндеги чекиттерге сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрөт, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кайсы органдарга келет. Ийнелер атайын металлдан жасалат, узундугу 1,5-12 см, жоондугу 0,3-0,45 мм. Ийне туура сайылса, зырылдатып, какшатып же чымыратып оорутат. Демейде денеге 2-4 ийне сайып, 5-10-20 мин кармайт. Дарылоо 10-15 сеанстан турат. 10-15 күн тыныгуудан кийин кайталоого болот. Ийне тери, булчуң, тарамыш, муундун нерв талчаларын дүүлүктүрөт, ошол себептүү орган, ткандардын азыктанышы жакшырып, айрым ооруларда жакшы натыйжа берет. Ийне сайып дарылоо невралгия, неврит, куяң, талма, шал ж. б. нерв, аллергия (нейродермит, экзема, ринит ж. б.) ооруларында жүргүзүлөт. Өтө арык жана өтө семиз кишилерге ийне сайып дарылоо колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]