Илээшкек материалдар

Википедия дан

Илээшкек материалдар - бетонду, аралашмаларды даярдоо, курулуш конструкцияларынын айрым элементтерин бириктирүү жана суу өткөрбөө үчүн колдонулуучу материалдар.

Алар минерал жана органикалык болуп айырмаланат. Минерал Илээшкек материалдар суу аралашканда пластмассага айланып, андан кийин бекем таш сыяктуу катуу нерсени түзүүчү өтө майда кукуй түрүндөгү зат. Алар колдонулушуна жана касиетине жараша гидравликалык, абалык жана кислотага туруктуу болуп бөлүнөт. Гидравликалык Илээшкек материалдар сууга аралашып, абада каткандан кийин өзүнүн бекемдигин суунун ичинде да сактайт. Алар жер астындагы жана жер үстүндөгү гидрокурулуштарда колдонулат. Буларга цементтин ар кандай түрлөрү кирет. Абалык Илээшкек материалдар сууга чылангандан кийин катып, өзүнүн бекемдигин абада гана сактай алат, алар жер үстүндөгү суу тийбеген курулуштарда колдонулат. Бул топко гипс түрлөрү, магнезиялык Илээшкек материалдар жана аки таш кирет. Кислотага туруктуу Илээшкек материалдар абада каткандан кийин кислоталардын таасири менен өзүнүн бекемдигин узакка сактай алат. Мындай Илээшкек материалдарга эритилген айнек кошулуп даярдалган цемент ж. б. кирет. Органикалык Илээшкек материалдар физикалык же химиялык процесстердин таасиринен пластикалуу абалдан катуу же анча-мынча пластикалуу абалга өтүүгө жөндөмдүү органикалык заттар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.