Имандра

Википедия дан

Имандра — Мурма облусундагы көл, Кола жарым аралынын түштүк-батышында. Аянты 812 км2. Тереңдиги 67 мге чейин. Көл чанагы мөңгүнүн аракетинен жана тектоникалык кыймылдан пайда болгон. Батыш жээги булуң-буйткалуу. 140тан ашык арал бар. 3 бөлүктөн турат (түндүгү Чоң Имандра, ортоңкусу Иокострава Имандрасы, батышы Бабин Имандрасы). Көлгө 20дан ашык суу куюп, Нива дарыясы агып чыгат. Декабрда тоңуп, майда муздан арылат. Суусу өтө тунук (11 мге чейин). Балык кармалат. 1936-ж. Нива дарыясында Нива ГЭСи курулгандыгына байланыштуу Имандра суу сактагычка айланган. Түндүк-батыш жээгинде Мончегорск шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]