Имараттарды инженердик жабдуу

Википедия дан

Имараттарды инженердик жабдуу - калктын эмгектенишине, үй тиричилигине ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуучу техникалык түзүлүштөрдүн комплекси.

Имараттарды инженердик жабдууга төмөнкүлөр кирет; шамалдаткыч, муздак жана ысык суу менен камсыз кылуу, канализация, жылытуу, абаны кондициялоо, газ жана Электр энергиясын өткөрүү, лифт жана өрт өчүргүч системаларын орнотуу, булганч калдыктарды жыйноочу жана чаң тазалагыч каражаттар, радиолоштуруу, телефондоштуруу ж. б. Азыркы кездеги шаар имараттарын тургузууда алардын жалпы наркынын 40%ке жакыны инженердик жабдууга жумшалат. Мындай имараттарды пайдаланууга бергенде аларда инженердик жабдуусу боюнча тейлөөчү адис адамдардын иштеши талап кылынат. Имараттарды инженердик жабдууну пайдаланууну жакшыртуу жана анда иштеген адамдардын санын азайтуу максатында бир канча имаратты диспетчердик пункттардын жардамы менен же автоматташтыруу менен текшерип башкаруу колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.